Депутат Мадумаров Токтогул ГЭСтеринин каскадын стратегиялык объектилердин тизмесине киргизүүнү сунуштады

Бүгүн, 7-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралып, кабыл алынды. Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттер чөйрөсүндөгү мыйзамдарын өркүндөтүү жана ички карама-каршылыктарды жана коллизияларды жоюу максатын көздөйт. Анын ичинде мыйзам долбоорунда “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндөгү” мыйзамдын 1-беренесин “стратегиялык объекттердин менчик ээси” түшүнүгүнө тиешелүү ченемдер менен толуктоо каралууда.

Талкуу маалында Чингиз Айдарбеков мыйзам долбоорунда стратегиялык объект макамы кайсы критерийлер менен берилери так көрсөтүлбөгөндүгүн айтып, аны кабыл алууга каршы экенин кошумчалады. Мисалы, сунушталган мыйзам долбооруна ылайык мамлекет жеке менчик объектисин сатып алууга артыкчылык укугуна ээ болорун айтып, жеке менчиктин кол тийбестиги КР Конституциясында жазылганын эске салды. Депутат Адахан Мадумаров бул пикирди колдоп, ошондой эле Токтогул ГЭСтеринин каскадын стратегиялык объектилердин тизмесине киргизүүнү сунуштады. Эл өкүлү бул сунушту мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо учурунда айтканын, бирок ал эске алынбаганын айтты.

Буга экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешов «Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндөгү» атайын мыйзамы кабыл алганын маалымдады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору четке кагылды.