Депутат Маматалиев: «Президентке туура эмес маалымат берилди деп так жана даана айта алам»

«Президентке туура эмес маалымат берилди деп так жана даана айта алам». Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.

«Депутаттарга «Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча кеңири маалымат берип коеюн дедим. Бул мыйзам долбоору боюнча президенттен вето келип түштү. Президентке туура эмес маалымат берилди деп так жана даана айта алам. 1-сентябрда фракция лидерлери жана Акылбек Жапаров менен чогуу отурганда ал киши «75 пункттан турган Баш мыйзамга каршы учурларды мыйзам долбооруна жазып алыпсыңар, анан кантип биз вето койбойбуз?» деди. Биз ыңгайсыз абалда калып, чыгарыбыз менен карадык, эч кандай маселе жок болуп чыкты. Демек, ошол справканы президентке даярдаган адам жазасын алышы керек», — деди депутат.

Маматалиевдин айтымында, кийин 75 эмес, 35 пункттан турган сунуштар берилип, анын ичинен 9у Жогорку Кеңештин ички ишине кийлигишүү, 12си редакциялык сунуш болуп саналат. Андан ары депутат пункттардын ар бирине токтолуп өттү.

«Айрым пункттарда кайра бизге карама-каршы келген учурлар бар. Бизди «тупой» кылып, кайра берип жатасыңар», — деди Маматалиев.