Депутат Маматалиев: «Доллардын баасы түшкөн соң, азык-түлүктүн баасын түшүрүш керек»

Депутат Марлен Маматалиев SuperTV каналынын «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде «эмне үчүн доллар көтөрүлсө эле жеке ишкерлер, спекулянттар товарды бекитип алып, кымбаттаганда элге сатышы керек?» деген суроо салды.

«Бул туура эмес. «Бул кымбаттайт экен, сатып алып койбойсуңарбы, кийин сатасыңар» деген ишкерлер жок эмес. Айтор, ушундай учурда элге жардам бериш керек. Буларга салынган айыпты миллион сомго көтөрүш керек деген мыйзам жазылып жатат. Айтайын дегеним, Монополияга каршы комитет доллар түшкөн соң, азык-түлүктүн баасын түшүрүш керек. Айып пулду киргизсек, жаза да күчөмөк«, — деди ал.