Депутат Масабиров: «Министрдин мектепке барганы орун басарлары үчүн үлгү болду»

Ак-Ордодо үйү сүрдүрүлгөн аялдын видеосу соцтармакта тарап, резонанс жараткан соң президент өзү барып ага жолукту. Окуучунун мугалимди шылдыңдаган видеосунун окуясында да министр өзү баш болуп мектепке барды. Маселени чечүүнүн башка жолдору бар беле? Депутаттарга кайрылып көрдүк.

Депутат Таалайбек Масабировдун айтымында, кол алдындагылар буга жеткирбеши керек эле. «Кызматкерлер жоопкерчиликтүү болушу керек. Министрдин мектепке барганы үлгү болот. Министр иш бөлмөсүндө отурса отура берет. Өз көзү менен көргөнү барса, кол алдындагыларга үлгү болот», — деди ал.