Депутат Масалиев: «Биз Орусия менен бирдиктүү жашаганга аракет кылышыбыз керек»

Украинанын президенти Владимир Зеленский аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алганы маалым болду. Мындай чечим украиналык кризис боюнча Кыргызстандын позициясынан улам экендиги айтылды.

SUPERTV каналы буга байланыштуу «Украинада соңку бир аптадан бери болуп жаткан окуяларга карата Кыргыз бийлигинин позициясы кандай болушу керек деп эсептейсиз? Орусияны колдошу керекпи же Украинаныбы? Же эки жакты тең колдобогон, карманган позицияда болушу шартпы?» деген суроо менен депутаттардын позициясын билүүнү туура көрдүк.

Депутат Исхак Масалиевдин айтымында, эки тарапты тең тынчтык жолу менен сүйлөшүүгө чакыруу керек. «Президент, өкмөт башчы, депутаттар ошого чакырышы кажет. Экинчиден, өзүбүздүн кызыкчылыкты ойлоо зарыл. Эгер мамлекетте тиреш орун алса, дүйнөнү кризиске кептейт. Биз ынтымакка чакырганга аракет кылышыбыз керек», — деди ал.

Ал ошондой эле Садыр Жапаровдун Орусия менен дагы 300 жыл бирге болобуз деген сөзүнө комментарий берди. «Бул турган иш. 73 жыл СССРде чогуу жашадык. Азыр 1 миллион калкыбыз Орусияда иштейт. Ошондуктан биз бирдиктүү жашаганга аракет кылышыбыз керек», — деди ал.