Депутат Мирлан Самыйкожо: «Талант Мамытов кызматтан кеткен жок»

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызмат ордун убактылуу өткөрүп берди. Бул тууралуу депутат Мирлан Самыйкожо «Алдаба» баракчасына билдирди.

«Бул анын жеке жарандык милдети да болот. Жигиттик намысы да болот. Аны кызматка байлабаш керек. Убактылуу кетти. Эки орун басары бар. Ошого өткөрүп берип, патриот катары Баткенге барып келди. Мен ошондой баа берем», — деди ал.

Өткөн аптада болгон жабык жыйын жакында ачыкталары жана ал боюнча комиссия түзүлөрү да маалымдалды.