Депутат: «Мугалимге турмушка чыгам» дегендер кара далы болуп кетпеш үчүн кийинки жылы айлыкты көтөрүүгө мүмкүнчүлүк барбы?»

Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, мугалимдердин айлыгы боюнча суроо салды.

«Сиз өткөндө «мугалимдердин айлыгын көтөрөбүз» деп айттыңыз. «Мен мугалимге турмушка чыгам  деген кыздарды кызыктырабыз» деп. Ошолор кара далы болуп кетпеш үчүн 2022-жылы айлыкты эки эсеге көбөйткөнгө мүмкүнчүлүк барбы?» — деди эл өкүлү.

«Сиз билесиз да, мен Финляндиянын мисалын келтирдим. Ал жакта жыл сайын сурамжылоо жүрүп турат экен. Биз да кийинчерээк жасасакпы деп жатабыз. Финляндиянын кыздары биринчи мугалимге турмушка чыгабыз дешсе, экинчи орунда архитекторлор турат экен. Мен ошого мисал кылып айткам. Ошого жетебиз деген үмүтүм бар. Азыр 1-кварталдын жыйынтыгы менен 1-апрелге мугалимдердикин жана дарыгерлердин айлыгын көтөрөбүз», — деди Жапаров.