Депутат Нилуфар Алимжанова Ноокат районунда иш сапары менен жүрөт

Депутат Нилуфар Алимжанова Ноокат районуна иш сапары менен барып, алгач аймактык оорукананын ишмердүүлүгүнөн кабар алды. Медициналык мекеменин жамааты менен өткөрүлгөн жолугушууда бир катар көйгөйлөр көтөрүлүп, калктын саламаттыгын чыңдоо багытында зарыл болгон чаралар талкууланды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Андан соң эл өкүлү Ноокат шаарынын жана Мирмахмудов айылынын тургундары менен да баарлашты. Жолугушууда айтылгандай, өткөн жылдын апрель айында Ош-Ноокат жолун оңдоп-түзөө учурунда жээгиндеги үйлөр жабыркап, айрымдары жараксыз абалга келген. Бирок калыбына келтирүү ишине көмөк көрсөтүлбөгөндүктөн, тургундар жабыркаган үйлөрдө жашоого мажбур болууда. Ага ылайык, жергиликтүү эл тез арада үйлөрдү калыбына келтирүүгө көмөктөшүү маселесин көтөрүштү.

Ошондой эле депутат Нилуфар Алимжанова Бел-Кайрагач айылына да барып, жашоочулар менен жолугушту. Жыйында аймактын тургундары бир катар социалдык маселелерге токтолушуп, анын ичинен таза суу маселеси курч экенин белгилешти.