Депутат: «Ноокатта 3 эм төрөгөн келиндин жашоо-шарты оор болуп жатыптыр»

Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнөн эже мага кайрылып, жакында эле үч эм төрөгөнүн айтып, турмуш-шарты оор экенин айтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Бакиров айтты.

«Мамлекеттен кандай жардам болот?» — деп суроо салды ал. Министр Кудайберген Базарбаев сүйүнчү катары ар бирине 50 миң сомдон каралганын айтты. «Жергиликтүү бийликке карата жардамдар болот. Демөөрчүлөрдү издеп жардам берели», — деди ал.

«3 эм төрөптүр. Жалпы 7-8 баласы бар экен. Жаш үй-бүлө экен. Жашоо шарты оор. Мен аты-жөнүн берейин, мамлекеттен жардам берели», — деди депутат.

10-июнда Ноокат аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө Арык-Тейит айылынын 36 жаштагы тургуну үч эм ымыркайды жарык дүйнөгө алып келген. Жергиликтүү бийлик үй-бүлөгө жер тилке убадалаган.