Депутат: «Нургазиев каналынын башталышы Өзбекстанга өтүп кетет деген кооптонуулар бар»

Кадамжай районундагы М.Нургазиев атындагы каналдын башталышы Өзбекстанга өтүп кетет деген кооптонуулар бар. Бул тууралуу жергиликтүү тургундардын сөзүнө таянуу менен депутат Ырысбек Атажанов билдирди.

Анын айтымында, чек араны такташуу боюнча комиссия өткөн аптада Кадамжай районунун Пүлгөн айылынын тургундары менен жолугушкан.

«Пүлгөн айылы Өзбекстан менен чектешет. Бул айылда райондун айрым айыл өкмөттөрү пайдаланып жаткан М.Нургазиев атындагы канал бар. Жергиликтүү тургундардын айтымында, М.Нургазиев атындагы каналдын башталышы Өзбекстанга өтүп кетет деген кооптонуулар бар. Келечекте көйгөй жаралбашы үчүн комиссия жергиликтүү тургундар менен биргеликте иш алып барышы керек», — деди ал.