Депутат оң рулдуу унааларды бир жолу алып кирүүнү мыйзамдаштырууну сунуштады

Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев оң рулдуу автоунааларды бир жолу алып кирүүнү мыйзамдаштырууну киргизүүнү сунуштады.

«Бул унаалар буга чейин киргизилген. Бул факты», — деди ал.

Ал жакында эле Казакстан Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында оң рулдуу унааларды алып кирүүнү мыйзамдаштырганын, анткени бул көйгөй аларга да таасирин тийгизгенин эске салды. Депутат бул кадам учурда өлкө үчүн зарыл деп эсептейт.