Депутат Ормонов кооперативдер боюнча мыйзам жазыларын билдирди

Архив

«Ишеним» фракциясы кооперативдер боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине депутат Улукбек Ормонов билдирди.

«Биз жалпы кооперативдер боюнча мыйзам долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Ичинде турак жай кооперативи да бар. Бул социалдык көйгөйгө айланып кетти. Демилгечиси биздин фракция, учурда долбоор иштелип жатат, буюрса, күзгө тактап айтканда, сентябрь айына коомдук талкууга чыгарабыз деп жатабыз», — деди ал.

Кечээ, 13-июлда «Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы кармалды. Келтирилген зыяндын көлөмү 121 миллион сомдон ашуун акча каражаты экени айтылды.