Депутат Оштогу суу маселеси боюнча: «Оор деле иш эмес, 2,4 чакырымга суу түтүгүн тартуу керек»

«Азыр Оштогу таза сууга 5,5 миллион доллар бөлүнгөнүн айтышты. Мурдагы чакырылышта 3 миллион доллар ратификацияланган». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов билдирди.

«Азыр ал акча турат. Биринчи этабында 500 миң доллар бөлүнүп, хлоратор курулган. Өкмөт көзөмөлгө алып, адистерди чакырып, долбоорду дагы бир жолу карап, биз деле ойлорубузду айталы. Оор деле иш эмес. 2 чакырым 400 метрге тарттырыш керек. Ошону тез аранын ичинде куруш керек», — деди ал.