Депутат Осмонов: «Ош шаарынын бюджетин колдоого 1 миллиард сом качан бөлүнөт?»

«Ош шаарынын бюджетин колдоого 1 миллиард сом качан бөлүнөт? Министрлер кабинети убадалаган акча бөлүнсө, шаардагы ички жолдор, бала-бакча, мектептердин курулушуна чоң жардам болмок». Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта депутат Айбек Осмонов билдирди.

«Акылбек Жапаров Ош шаары эгерде 1 миллиард сомго жакын салыкты көтөрсө, 1 миллиард сом кошуп беребиз деп айткан. Ош шаары салыкты ошол суммага көтөрдү, эми айтылган сумманы кошуп берүүнү мүмкүн болсо, эртелетип коюшса… Ош-Араван жолу боюнча да протоколдук тапшырма берген элем. Ушул күнгө чейин башталган жок. Ош- Кара-Суу жолун жаңыдан салбаса болбой калыптыр», — деди ал.