Шайлообек Атазов менен Акылбек Жапаров кайым айтыша кетти

Бүгүн, 4-ноябрда «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйыны өтүп жатат.

Жыйында депутат Шайлообек Атазов менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кайым айтышуусу болду. Депутат шаардагы жолдордун абалына токтолуп, жылда майдалап оңдолуп жатканын айтты. «Топтоп туруп, бир чоң жол салып, тыгын маселесин чечсе болот. 4 чоң көпүрө бар экен. Кудай сактасын алар кулап, анан кишини басып калганда оңдойбу шаардык бийлиги? Шаардагы көпүрөлөргө көңүл бурасыңарбы?» — деди Атазов. 

Акылбек Жапаров көңүл буруу керектигин айтты. «Ош жана Бишкек шаары өзүлөрүнүн бюджеттерин толтурбай жатат. Жергиликтүү бийлик иштебей жатат. Кыймылсыз мүлк, жер салыгын, суунун тарифин жергиликтүү бийликке берип коюптурбуз. Алар акыркы 20 жылдан бери мунун баарын көтөрбөй жатат. Ушул суроонун баарын жергиликтүү кеңештин депуттары менен мэр чечиши керек», — деди Жапаров.

«Жергиликтүү кеңеш иштебей жатса, биз күнөөлүүбүзбү?» — деди депутат. Жапаров депутаттарды күнөөлөбөгөнүн айтты.

Депутат: Көзөмөлгө албайсызбы?!

Төрага: Алган үчүн алдыңарга келип жооп берип жатам да.

Депутат: Сиз каяша сүйлөбөй жооп бериңиз. 2023-жылга киргизе аласыздарбы?

Төрага: Киргизе албайбыз, ал жергиликтүү бийликтин эсебинен оңдолушу керек.