Депутат: «Швейцария банкында Кыргызстандын 1,3 тонна алтыны бар»

Швейцариянын банкында Кыргызстандын 1,3 тонна алтын бар. Бул тууралуу Кумтөр боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Арсланбек Малиев маалымат жыйынында билдиргенин жергиликтүү ЖМКлар жазышты.

Анын айтымында, кыргыз алтыны UBS банкында сакталып турат.

Буга чейин Factcheck.kg 2021-жылы Кыргызстан Швейцарияга рекорддук көлөмдө — 1,2 миллиард доллар (жалпысынан 21 тонна) алтын экспорттогондугун, бир тоннасынын баасы 57 миллион долларды түзгөнүн маалымдаган.