Депутат Султанбекова: «140 гектар кайда кетти? Бул эки Жалал-Абад да…»

«140 гектар кайда кетти? Бул эки Жалал-Абад да…». Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинде депутат Чолпон Султанбекова билдирди.

«Мен кечээ Өзбекстандын премьер-министринин сөзүн угуп чыктым. Арипов 12709 гектар аянтты өткөрүп берип жатабыз деди. Бирок бизге келген макулдашууда 12849 гектар деп турат. Ортодо 140 гектар жок болуп кетип жатат. Муну кандай кылсак болот? Аймактык жагынан алып караганда, 140 гектар бул эки Жалал-Абад да?» — деп сурады депутат.

Жер ресурстары кызматынын директору Абдулат Мырзаев 140 гектар жер, Гавасай тилкеси жазылбай келгенин айтты. «Бул эч жакка кеткен жок. Кийин маселе чыкпайт», — деди ал.

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинде эки мыйзам долбоору каралды. Ал экөө тең 3-ноябрда Бишкекте кол коюлган. Бири кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору, экинчиси Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу боюнча макулдашуусун ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору.