Депутат Сузакта сабалган окуучу кызга психологиялык кысым болуп жатканын айтты

Сузак районунда мугалим менен окуучунун ортосундагы чыр-чатак чыккан. Ошол окуучуга психологиялык кысым болуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Винера Раимбачаева билдирди.

«Азыркы учурда ал стационарда жатат. Кыздын ата-энеси оорукчан. Мугалимдерден, райондук администрациядан кысым болуп жатыптыр. Мен ойлойм, мугалимдин да, окуучунун да укугун тебелебешибиз керек», — деди ал.