Депутат Ташиевдин сырдуу билдирүүсү боюнча: «Балким ал бир аялга «кечирдим» деп айтты»

“Кудай кечирип жаткан соң, кечирбегендей сен кимсиң?». Дал ушундай сөздөр камтылган билдирүүнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Бул пост түрдүү жоромолдорго жол ачып, талкууга жем таштады. Сырдуу билдирүүдөн улам депутаттардын оюн угуп көрөлү дедик.

Депутат Акбөкөн Таштанбековдун айтымында, ар бир адам кечиримдүү болушу керек. «А биз баарыбыз саясатты ойлоп жатабыз. А балким бир аялга айттырып жиберди. Кечирдим сени дегендей кылып», — деп жылмайды депутат.