Депутат Таштанбеков: «Чүй кең көчөсүн бойлой 20 кабаттуу үйлөрдү курууга болот. Садыр Жапаровдун аты тарыхта калат»

«Чүй кең көчөсүн бойлой 20 кабаттуу үйлөрдү курууга болот. Садыр Жапаровдун аты тарыхта калат». Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда «Элдик» депутаттык тобунун фракция жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков билдирди. Алар мамлекеттик турак жай курулушун ишке ашыруу боюнча Мамлекеттик ипотекалык компаниянын иши жөнүндө маселени карашты.

«Силер президенттин аты көп жылдарга тарыхта калсын десеңер, анда мындай кылгыла. Анүчүн «жапаровдук» чакан райондорду куруу зарыл болот. Биз шаардын көрүнүшүн өзгөртүүнү сунуш кылабыз. Чүй кең көчөсүнүн Совет көчөсүнөн Тынчтык кең көчөсүнө чейинки бөлүктө Ак Үй, Тарых музейи жана бир канча тарыхый эстеликтерден тышкары баарын сүрдүрүп, 20 кабаттуу үйлөрдү куруу керек деп жатабыз. Бул реалдуу», — деди ал.

Депутат Акбөкөн Таштанбеков «Менин үйүм 2021-2026» жаңы турак жай программасы 4 пайыз менен ишке ашырыла баштагандан бери канча адам үй алганын да сурады. «Программа ишке ашырыла баштагандан бери 1372 адам 3,1 миллиард сом өлчөмүндө ипотека алган, анын ичинен 2021-жылдын октябрынан декабрына чейин – 732, 2022-жылы – 640 жаран үйлүү болду», — деди МИКтин башка орун басары Амантур Оморов.