Депутат текстиль импорту боюнча: «Райым Матраимовго уялбай эле кайрылып, тажрыйбасын колдонолу»

Кыргызстанда жеңил өнөр жай аябай жакшы өнүккөн болчу. Азыркы кезде олуттуу көйгөйлөргө дуушар болуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев билдирди.

«Биринчиден, тиге турган материалдар мурда Кыргызстан аркылуу келчү. Азыр Казакстан аркылуу келип калды. Жайда тигиле турган кийимдердин материалын Казакстан атайын кармап, бир жума калганда бизге берип жатат. Бир жумада тигүүчүлөр жетишпейт да», — деди ал.

Ал айткандай, ички жүк ташуучулар үчүн дагы эле көйгөй бар. «Биздин жүк ташуучулар жүгүн жүктөп Орусияга жөнөтүшөт. Орусияга жүк 4 күндө жеткирилип келген болсо, бүгүн жеткирүү 20 күнгө чейин, бир айга чейин создугуп атат», — деди депутат. 

Эл өкүлү бул маселенин чечүү жолун айтты. «Келген текстилди Казакстандан кайтарыш керек болсо, уялбай эле Райым Матраимовго кайрылып, ошол адамдын тажрыйбасын колдонолу», — деди ал.