Депутат: «Теңгиз Бөлтүрүктү элге маалымат чыгарбасын деп камап жатышат»

«Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк үчүн Акылбек Жапаров келип, «мен бул үчүн жооп берем отургузган эле. Бүгүнкү күнү ал кишини элге маалымат чыгарбасын деп камап салышты». Бул тууралуу депутат Акылбек Түмөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Министрлер кабинети тарабынан дайындалган министрлер пара алып жаткан жеринен кармалып, камалып жатат. Буга Акылбек Жапаров да жооп бериши керек.