Депутат Теңгиз Бөлтүрүк «Кумтөрдө» иштеп жүргөндө канча акча алганын айтып берди

2021-жылдын 17-майынан 2022-жылдын 11-февраль айына чейин «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүккө 480 миң 633 доллар сый акы төлөнүп берилген. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Арсланбек Малиев билдирди.

Бөлтүрүк 2022-жылдын 11-февралында кызматынан бошотулган. Ага карабастан, улуттук холдингдин кызматкери болуп туруп, 2022-жылдын август айына чейин «Кумтөрдөн» дагы 403 миң 185 долларды негизсиз сый акы катары алган. Андан башка 25 миң 514 доллар аванстык карызын жапкан жок”, — деди Малиев.