Депутат: «Тоңдо селдин кесепетинен үйүнөн ажыраган үй-бүлөлөр ӨКМдин контейнеринде жашап жатышат»

«Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Оттук айылында сел жүргөн. Кырсыктын кесепетинен бир нече үй-бүлөнүн үйү талкаланган. Алар азыр убактылуу ӨКМдин контейнерлеринде жашап жатышат». Бул тууралуу жыйында депутат Акыл Кемелов айтып чыкты.

«Улукбек Марипов ал жакка барып кеткенде да кенемте тууралуу айтылган эле. Бүгүн акча каражат колдоруна тийе элек, кагаз менен маалымдоо барган, анда 100 миң сом жардам көрсөтүлөрү жазылган экен. Марипов менен сүйлөштүм, 100 миңдин үстүнө 50 миң сом кошуп берерин айтты», — деди ал.