Депутат министрдин милдетин аткаруучу Текебаевге: «Резюмеңиз да, фамилияңыз да күчтүү экен»

«Резюмеңиз күчтүү экен. Фамилияңыз да күчтүү экен», — деди Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Тазабек Икрамов Транспорт министри кызматына Тилек Текебаевдин талапкерлигин карап жатып.

«Буга чейинки министрлер алып барган жумуштун аягына чыгарасызбы? Мен жолдор боюнча айтып жатам», — деди депутат.

«Башталган ишти аягына чыгарабыз. Долбоорлорду карап, сунуштар болсо, киргизебиз», — деди ал.