Депутат Украинадагы кырдаал боюнча: «Биз Орусияны колдосок, бизге да санкциялар түшсө, жакыр мамлекет болуп калабыз»

Украинанын президенти Владимир Зеленский аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алганы маалым болду. Мындай чечим украиналык кризис боюнча Кыргызстандын позициясынан улам экендиги айтылды.

SUPERTV каналы буга байланыштуу «Украинада соңку бир аптадан бери болуп жаткан окуяларга карата Кыргыз бийлигинин позициясы кандай болушу керек деп эсептейсиз? Орусияны колдошу керекпи же Украинаныбы? Же эки жакты тең колдобогон, карманган позицияда болушу шартпы?» деген суроо менен депутаттардын позициясын билүүнү туура көрдүк.

Депутат Дастан Бекешев тышкы саясатты президент Садыр Жапаров алып барарын айтты. «Ал өзү тышкы саясатты аныкташ керек. Президент өзү да бир топ сөздөрдү айткан. Бирок Кремль бир тарапты айтып жатат, биздин маалымат катчы башка тарапты, сөздөрдү айтып жатат. Азыр түшүнүксүз болуп калды. Бизге бир позицияны кармануу өтө оор. Биз Орусияга каршы сөздөрдү айтсак, экономикада, тарыхта, маданият жактан, интеграция болуп калдык. Биз Орусияны колдосок, бизге санкциялар түшсө, жакыр мамлекет болуп калабыз», — деди ал.