Депутат Улуттук банктын кызматкерлерине: «Маянаңар монстрдын айлыгындай»

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов Улуттук банктын төрагасынан бир жылдын айлыктын суммасы канча экенин сурады.

Төрага 2021-жылы болжолдуу 600 миллион сом экенин, 700гө жакын кызматкер бар экенин айтты.

Депутат: Улуттук банкта элеби?

Төрага: Улуттук банкта эле.

Депутат: Ошондо ар бир кызматкерге 100 миң сомдонбу?

Төрага: Жок, 100 эмес, андан көп.

Депутат: Мен түшүнүп жатам, президент айлыкты жогорулатып жатат. Анткени алардын айлыктары өтө аз. Силердин айлыкты ким бекитет?

Төрага: Президенттин указы бар.

Депутат: Айлыгыңар монстрдын айлыгындай да силердики.