Депутат валюталык спекуляция боюнча: «Коңшу өлкөлөр бизден валюта сатып алып, өздөрүндө сатып жатышат»

«Кыргызда жакшы сөз бар, мүйүздүү болом деп, кулактан ажыраптыр деген. Өкүнгөнүм ошол тигил жактан доллар, евро менен жөнөтүп жатышат, бул жерден бербей коюп жатышат, же сомго айландырып берип жатышат. Расмий курстан төмөн берип жатыптыр». Бул тууралуу депутат Нуржигит Кадырбеков айтып, өлкөдө доллар берилбей жатканына нааразы болду.

«Кечээ бир аналитикалык маалымат чыкты. 3 эле банк еврону евро менен, долларды доллар менен берип жатыптыр. Калгандары сом деп жатышыптыр. Эми валюталык спекуляцияга жол ачып жатканы эң өкүнүчтүү. Өзүңүздөр бирлесиздер, кошуна өлкөлөрдө маселе бар, курстан бизнес кылып жатышат. Бизден ташып чыгып, өздөрүндө сатып. Бул экономикагы терс таасирин тийгизет», — деди ал.