Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев депутаттар Медербек Алиев менен Улукбек Карыбек уулунун ортосундагы кырдаалды жөнгө салды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Буга чейин аталган эки депутаттын ортосунда оозеки кайым айтышуу орун алган. Төрага парламент мыйзам долбоорлорун кароо учурунда ачык талкууларга жана ар кандай пикирлерге мүмкүнчүлүк берилген аянтча экенин белгилеп, ошол эле учурда ар бир талкуу парламенттик этиканын жана колдонуудагы мыйзамдардын алкагында жүргүзүлүшү керектигин кошумчалады.