Бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорлорун экинчи жана үчүнчү окууда талкуулап жатышат. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышууда.
2023-жылга республикалык бюджеттин киреше бөлүгү экинчи окууга карата 352 миллиард 807 миллион 894 миң сом суммасында сунушталууда. 2023-жылга республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 361 миллиард 795 миллион 602 миң сом суммасында, ал эми тартыштык 8 миллиард 987 миллион 708 миң сом суммасында болжолдонууда.