Диплом чуусу: УКМК текшерүү иштери аяктагыча комментарий берүүдөн карманууну суранат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бардык деӊгээлдеги мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломунун аныктыгын текшерүү ишин улантууда. Анын жыйынтыгында ар бир аныкталган факты боюнча тийиштүү процессуалдык чечим кабыл алынат. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, айрым жарандык активисттер менен депутаттардын, алардын катарында Адахан Мадумаровдун улуттук коопсуздук органдарынын бул ишине терс маани берүү аракети байкалууда. Топтолгон материалдарды алдын ала талдоо көрсөткөндөй, бул маселе боюнча бузуулар төмөнкү топторго бөлүнөт:
1. Мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарын аткарбоого (жогорку окуу жайы менен байланыштын жоктугу, чет өлкөдө жүрүү, зачёт, сынактарга барбоо жана башка) байланыштуу билим берүү мыйзамдарын бузуп, жогорку билим жөнүндө диплом алган адамдар. Мисал катары экс-депутат Орозайым Нарматованын ал Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги сынак сессиясы учурунда чет өлкөдө узак убакыт жүргөн окуяны келтирсек болот.
2. Жогорку окуу жайга баштапкы билими жөнүндө жасалма документ (орто билими жөнүндө аттестат, академиялык маалым кат жана башка) тапшыргандар. Мисал катары өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы мурдагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин айланасындагы абалды келтирсе болот. Ал жасалма документтердин негизинде Жалал-Абад экономика жана ишкердик университетине тапшыргандыгы текшерилүүдө.
3. Ишке орношуу үчүн, ошондой эле тездетилген программа боюнча экинчи жогорку билим алуу максатында жогорку билим жөнүндө жасалма диплом колдонгондор. Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкер болгон Жолдошбек Токсобаев жасалма дипломун колдонуу фактысын атаса болот.

Жогорудагы ысымы аталган үч жаран тең «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесинин катарында шайлоого катышкан. Ушуга байланыштуу текшерүүлөрдү жүргүзүүдө тандоо ыкмасы жөнүндө айтылган сөздөр чындыкка дал келбейт жана улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракеттеринин айланасында терс көрүнүш түзүү аракеттерин жана мындай материалдарга саясий коннотация берүү, соттолуучуларды жоопкерчиликтен четтетүү каалоолорун көрсөтөт. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети дипломдорду текшерүүгө байланыштуу кандайдыр бир комментарий берүүдөн, текшерүү аяктап жыйынтыгын расмий түрдө жарыялаганга чейин карманууну суранат.