Дүйнөнүн алдыңкы университетинен билим алам деген жаштарга президенттик стипендия берилет

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясы уюштуруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Бул стипендияны белгилөө Кыргыз жарандарына QS World University Rankings, Times Higher Education эл аралык рейтинги боюнча жогорку окуу жайлардын алдыңкы 100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет элдик университеттерде билим алууга мүмкүндүк берет. Стипендиялар техникалык, инженердик, экономикалык жана социалдык-гуманитардык даярдоо багыттары боюнча магистратура жана PhD докторантура программалары боюнча окутууга бөлүнүп берилет.

«Стипендияны быйылтадан тартып бере баштабайбыз, азырынча 50 стипендияны бөлүштүрүп туралы деп чечтик. Стипендиянын көлөмү тандап алган университетке жараша болот. Бирок эң жогорку суммасы 50 миң доллардан ашпоого тийиш. Экономика жана гуманитардык адистиктер боюнча да тапшырсаңыздар болот, бирок, албетте, артыкчылык көбүрөөк техникалык жана инженердик багыттарга берилет. Илимдин доктору даражасы наамын алууга өзүнчө 10 стипендия бөлүнөт. Биз жаш окумуштуу-окутуучуларыбызды өзгөчө колдоого алалы деп жатабыз. Анткени алар студенттердин улам кийинки муунуна өз билимдери менен бөлүшүп турушат», — деп жазылат президенттин билдирүүсүндө.