Экс-президент Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кетти. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Жээнбеков «Манас» эларалык аэропортунан Стамбул шаарына учуп кеткен.
Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 5-октябрындагы төңкөрүштөн кийин кызматынан кетүүгө аргасыз болгон.
Ошондой эле экс-президент 29-январь күнү камактагы Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча шаардык сотко суракка чакырылган. Анда Жээнбеков Зилалиевдин банктык ячейкасында табылган миллион доллардын тек жайы жөнүндө көрсөтмө бериши керек болчу.