Элчибек Жантаев Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды

Жантаев Элчибек Нуржадыевич Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Жантаев буга чейин Түп районунун акими, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Айыл чарба, токой чарба министрлигине караштуу Аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кызматтарын аркалаган.