«Элге керек болуп жатса керек». Депутат Жумабеков оң рулдуу унааларды алып кирүүгө каршы эместигин билдирди

Кыргызстанга кайрадан оң рулдуу унааларды алып кирүүгө уруксат берүү сунушталууда. Мындай мыйзам долбоорун депутат Марлен Маматалиев демилгелеп жатат. Бул маселе коомчулукта талкуу жаратууда. Буга чейин Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров бул сунушка каршылыгын билдиргени маалым.

SUPERTV бул боюнча депутаттардын оюн угуп, эл өкүлдөрү кандай унаа айдайт жана баасы канча экенине кызыгып көрдүк.

Депутат Дастан Жумабековдун айтымында, бул мыйзамга каршы эмес. «Бүгүнкү жагдайга, шартка байланыштуу эл талап коюп жатат. Керек болуп жатса керек», — деди ал.  Ал мындан тышкары, учурда айдап жүргөн унаасы сол рулдуу экенин, бирок жеке өзүнүкү эместигин айтты