«Эмне иш кылып жатышат?». Акылбек Жапаров экономика министринин орун басарларын кыскартуу керектигин айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын коллегиясын өткөрдү. Кеңешменин күн тартибинде 4 маселе белгиленген, атап айтканда, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин жана финансы министри Алмаз Бакетаевдин баяндамалары угулду.

Министрлер кабинетинин башчысы министрлердин отчетторун уккан соң Экономика жана коммерция министрлигинин аткаруучулук тартип боюнча ишин сынга алды.

«Эмне себептен аткаруу мөөнөттөрү бузулган каттардын саны көп болууда. Орун басарларыңыздар эмне иш кылууда, аларга жүктөлгөн милдеттерди аткара алышпаса, алардын санын кыскартуу керек», — деди Акылбек Жапаров жана аткаруучулук тартипти күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

«Сиздерде февраль айынын соңуна чейин убакыт бар», — деди Акылбек Жапаров.