Эмне үчүн доллардын баасы төмөндөп жатат? Улуттук банктын жообу

Кыргызстанда доллардын арзандашы башка жагдайлар менен катар Орусиядагы кырдаалга да байланыштуу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди.

Анын айтымында, мындан тышкары америкалык валютанын курсунун төмөндөшүнө ички жана тышкы дагы бир катар себептер бар. Нурбек Жеңиш Орусияда иштеген эмгек мигранттарынын акча которуулары алардын жалпы көлөмүнүн 95 пайызын түзөрүн кошумчалады.

«Сиздер билесиздер, рублдун долларга карата курсу бекемделип, мигранттардын акча которуулары негизинен Орусиядан келип жатат», — деди ал жана Улуттук банк валюта курсун жөнгө салуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын белгиледи.