«Эмне үчүн ушул чекисттерге эле үй бериле берет?». Жапаров жооп узатты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта Бишкек шаарында улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине батирлердин ачкычтарын тапшырды. Турак жай 306 үй-бүлөгө эсептелген. Бир эле  учурда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн бул сыяктуу көп кабаттуу үй биринчи жолу пайдаланууга берилди. Ал 1,5 жылдын ичинде курулган жана бир чарчы метринин баасы 300 долларды түзгөн.

Мамлекет башчысы мугалимдер менен медиктерди жеңилдетилген шарттагы турак-жай менен камсыздоо боюнча пландары тууралуу айтып берди. “Коомчулукта ар кандай сөздөр бар. “Эмне үчүн ушул чекисттерге эле бере берет? Квартира дагы, кызматтык имарат дагы. Мугалимдерге, дарыгерлерге бербейби?” деген сөздөр. Биринчиден, өлкөнүн ички-тышкы коопсуздугу камсыз болбосо эч кимге батирдин деле кереги жок. Аны мына дүйнөдө болуп жаткан окуялардан көрүп, билип атабыз. Ошондуктан болгон күчүңөрдү, убактыңарды мамлекеттин ички-тышкы коопсуздугун камсыздоого жумшаса деп биринчи кезекте сиздерди камсыз кылып жатабыз. Ушуну эсиңиздерге  алып коюшуңуздар керек”, — деди Садыр Жапаров.