Президенттин басма сөз катчысы мандатты кайра бөлүштүрүүнү саясатташтырбоого чакырды

Президенттин басма сөз катчысы депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү маселесин саясатташтырбоого чакырды. Бул тууралуу журналисттерге Эрбол Султанбаев билдирди.

БШК жыйында “Президентти жана депутаттарды шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу жана тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө жобо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизген. Ар кандай жыныстагы талапкерлердин ортосунда мандаттарды бөлүштүрүү жөнүндө пунктка өзгөртүү киргизилди. Натыйжада депутаттыкка талапкер Жанар Акаев парламентке өтпөй калды. Мандат Токтобубу Оргалчага берилет. 

«Биринчи айым Айгүл Жапарованын Токтобүбү Оргалча менен эч кандай байланышы жок жана бир да жолу жолуккан эмес. Саясатташтыруунун, анын үстүнө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга ылайык кабыл алынган гендердик квотаны камсыз кылуу боюнча процедуралык чечимдер боюнча спекуляция жасоонун кереги жок», — деди ал.