Эртең Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына учат. Кимдер менен жолугат?

Президент Садыр Жапаров эртең, 28-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарына иш сапар менен барып, анын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Аталган иш-чарага Беларусь президенти Александр Лукашенконун, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин, Орусиянын президенти Владимир Путиндин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин катышуусу күтүлүүдө.