Эрулан Кокулов: «Айлыгым кээде айдын башында эле түгөнүп калат. Карызга алган учурлар болот»

Адахан Мадумаровдон кийин эле эң көп добуш алган Эрулан Кокулов лупа алдындагыдай жашоосунун күңгөй-тескейин айтып берди. «Акчага эмес, эл үчүн деп жасаган иши менен мага окшоп шайланып келген депутаттар көбөйсө экен» деген каарманыбыз «Ар тарап» берүүбүздүн алгачкы коногу болду.

«Мен айлыкка жашайм. Айлыгым кээде айдын башында эле түгөнүп калат. Карызга алган учурлар болот. Мисалы, кечээ эле карызга акча алдым. Ал айтат «сиздин акча сурап жатканыңыз маселе эмес, маселе сиз акчага көөп кеткенде болмок» деп. Ойлосом чындап эле ошондой экен», — деди ал.