Эрулан Кокулов: «Кармалгандар боюнча мен деле каршымын»

Мындан эки күн мурда 20дан ашуун саясатчылар жана жарандык активисттердин үйүндө тинтүү жүрүп, кармалып, андан ары алар камакка алынышты. Ички иштер министрлигинен бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришти. Биз массалык кармоолорго байланыштуу депутаттардын пикирин билип көрөбүз.

Депутат Эрулан Кокуловдун айтымында, кармалгандар Кемпир-Абад боюнча өз пикирлерин билдиргендер. «Мен чындыгында ал жагын билбейм кандай болгон, бирок видеону көргөндө, тинтүү иштери туура эмес жүргөнү көрүнүп турат. Кармалганы боюнча мен деле каршымын. Маселе мында болуп жатат, бизге муну кылган үчүн камап жатабыз дебей жатышат», — деди ал.