Галина Байтерек КТРКга кайтып барышы мүмкүн. Кайсы кызматка?

Президент Садыр Жапаровдун мурдагы маалымат катчысы Галина Байтерек КТРКга башкы директордун орун басары болуп кайтып барышы мүмкүн. Бул тууралуу айрым ЖМКлар өз булактарына таянуу менен жазып чыгышты.

Бирок КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Жылдызбек Керимбаев журналисттерге Галина Байтеректин талапкерлигин кароо боюнча сунуш келбегенин билдирди. «Ушундай кептер тарап жатат. Бирок бул маалымат бизге расмий келген жок, Байкоочу кеңеш чакырылган жок. Биз дайындоо менен алектенбейбиз, биз сунушталган талапкерлерди гана колдойбуз же колдобойбуз. Азыркы директордун орун басары, менин билишимче, кете элек», — деди ал.