Германияда иш сапарда жүргөн министр Казакбаевдин жолугушуулары уланууда

Германияда иш сапарда жүргөн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев буга чейин бир катар жолугушууларды өткөргөн. Ал ушул эле иш сапардын алкагында жолугушууларды өткөрүүнү улантууда. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

29-мартта Берлин шаарында Руслан Казакбаев Германиянын вице-канцлери, экономика жана климатты коргоо боюнча федералдык министри Роберт Хабек менен Германиянын федералдык тышкы иштер министри Анналена Бурбоктун чакыруусу менен «Энергетикалык өтүү жөнүндө Берлин диалогу» («Berlin Energy Transition Dialogue») эл аралык конференциясынын ачылышына катышты.

Бул иш-чара «жашыл» технологияларга энергетикалык өтүү жана кайра жаралуучу булактар, климат жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча глобалдык жана жергиликтүү көйгөйлөрдү биргелешип чечүү үчүн Германиянын федералдык өкмөтү тарабынан уюштурулган ири эл аралык конференция. Жыл сайын өтүүчү конференциянын ишине 50дөн ашык өлкөдөн 500дөн ашуун өкүл катышат.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Германиянын федералдык тышкы иштер министри Анналена Бербоктун сүйлөшүүлөрү болуп өттү.

Ооганстандагы жана Украинадагы кырдаалдын, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын Борбордук Азияга тийгизген таасиринин контекстинде германиялык тарапка Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча федералдык министрлиги аркылуу мурда көп тараптуу форматка өткөрүлгөн Кыргызстандагы эки тараптуу каржылык-техникалык долбоорлорду ишке ашырууну Федералдык макулдашуу аркылуу калыбына келтирүү маселесин кароо өтүнүчү узатылды. Ошону менен бирге, Германия Кыргызстанга жардам көрсөтүү боюнча долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Энергетикалык өтүү жөнүндө Берлин диалогу» эл аралык конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский менен жолугушту. Руслан Казакбаев кыргыз-чех кызматташтыгын активдештирүү үчүн бийик жана жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилеп, ага байланыштуу чех министрин Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды. Казакбаев ошондой эле 2022-жылдын 29-30-мартында Чехиянын бизнес миссиясынын Кыргызстанга келишин кубаттады.
Руслан Казакбаев Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин (IRENA) башкы директору Франческо Ла Камера менен жолугушту. Анда тараптар энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

IRENAнын башкы директору кызматташуунун бир катар келечектүү багыттарын белгилеп, кызматташууга даяр экендигин билдирди. Франческо Ла Камера 2022-жылдын экинчи жарымында Агенттик «Кыргызстандагы энергиянын кайра жаралуучу булактарынын потенциалын баалоону» баштай тургандыгын билдирди. Тараптар кыргыз тарап жакын арада IRENA менен мындан аркы кызматташуу боюнча конкреттүү сунуштарды бере тургандыгы тууралуу макулдашышты.

Руслан Казакбаев Германиянын федералдык канцлеринин аппаратынын Эл аралык департаментинин директорунун орун басары, Тышкы саясат жана коопсуздук тобунун жетекчиси Кристиан Аульбах менен жолугушту. Министр Германия Кыргызстандын Европа Биримдигиндеги өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүнө чоң салым кошкон артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгиледи.

Эки өлкөнүн жаңы жетекчилиги астында кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүүгө тараптар өз ара кызыкдар экени белгиленди. Кыргыз-герман мамилелерин жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн тиешелүү документтерге кол коюунун маанилүүлүгү баса белгиленди. Тараптар ошондой эле Германияга барууну көздөгөн Кыргыз жарандары үчүн виза режимин жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.