ИИМ: Мамлекеттик маанидеги иш-чаралардын жүрүшүндө милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет
Алдыда өтө турган мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ички иштер министрлиги тарабынан тиешелүү уюштуруу жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
29-августтан 6-сентябрга чейин ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартипти сактоого, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга жана мүмкүн болуучу укук бузуулардын алдын алууга өзгөчө көңүл бурулат. Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагындагы айрым жол тилкелеринде убактылуу чектөөлөр киргизилип, транспорт каражаттарынын кыймылы мезгил-мезгили менен убактылуу жабылат.
"Мамлекеттик маанидеги иш-чараларга байланыштуу киргизилүүчү убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөбүз. Жол тыгындарынын алдын алуу максатында каттамдарыңызды алдын ала мерчемдеп, мүмкүнчүлүккө жараша сапарга чыгуудан убактылуу баш тартууңуздарды суранабыз. Ошондой эле жол кыймылын жөнгө салып жаткан милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын так сактоону өтүнөбүз", - деп жазылат ИИМдин маалыматында.