Жапаров: "Ташиевге "шайлоого катышам десең, ага деле жол ачып берейин" дедим"
Президент Садыр Жапаров учурдагы мөөнөтү бүткөндөн кийин УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди "президент кылуу" планы болгонун билдирди. 13-августта журналист Али Токтакуновго курган маегинде ал Ташиев "дос бойдон кала берерин", бирок аны кызматка алып келүү планы эми жок экенин айтты.
"2027-жылы өзүм шайлоого барбай эле, ушу даяр болуп калса, жакшы иштеп калды, тажрыйба топтоп даяр болуп калса Камчы катышса, мен катышпай эле Камчыны президент кылып коюп, эс алууга кетсемби деген өзүмдүн планым болгон. Ушул мөөнөттөн кийин. 2027-жылы январда шайлоо болот да. Ушундай кылсам деген планым болгон. Өзүнө эки-үч жыл мурун айткам. "Даяр болгун, айлана-тегерегиңди тазала, тарбияла" деп келгем. Анан, карасам, даяр эмес. Эл эми биригип, бир Кыргызстан болуп баратса, анан "сен тияктасыңбы же бул тараптасыңбы" деген болбойт. "Мен сени кызматтан алып жатам ошол үчүн, капа болбо. Кийинки шайлоого катышам десең шарт түзүп берем" деп айткам", - деди президент.