Ишкер Аскар Салымбеков «оппозицияны каржылап жатат» деген кептерди төгүндөдү

Ишкер жана меценат Аскар Салымбеков «оппозицияны каржылап жатат» деген кептерди төгүндөдү. Ал бул тууралуу маалыматта соцтармактагы баракчасына жазды.

«Айрым социалдык тармактарда чыгып жаткан терс жана жалган маалыматтар тууралуу кайрылуу жасап коюну туура көрдүм. Аскар Салымбеков оппозицияны каржылап жатат деген имиштерин төгүндөп, ошол маалымат булактарынан жалган маалыматты таратуудан алыс болууну чакырмакчымын. Мен ар дайым өлкөбүздүн саясий, социалдык-экономикалык өсүп өнүгүүсүн колдоп келгем жана колдой бермекчимин. Эч качан саясий оюн кылып, тигил же бул тарап кылып бөлүнгөн да, бөлгөн да жокпуз. Эл шайлаган ар бир бийлик менен конструктивдүү иш алып барып, колдоп келдик», — деп жазылат кайрылууда.