Жайыл Русланов Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы болуп дайындалды

Жогорку Кеңештин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнүн башчысы болуп Жайыл Русланов дайындалды. Буга чейинки бөлүмдүн жетекчиси Эркинбек Каимов өз каалоосу менен кызматтан кетти.

Жайыл Русланов 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин Журналистика бөлүмүн аяктап (бакалавр), 2017-жылы Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университинин Журналистика факультетинин магистратурасын бүтүргөн. 2014-жылдан 2016-жылга чейин “Кыргыз Туусу” гезитинде кабарчылык кызматты аркалаган. 2016-жылдан бери Жогорку Кеңештин Аппаратынын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүндө консультант, улук консультант жана эксперт кызматтарында иштеп келет. Ошондой эле 2019-жылы Басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басарынын милдетин аткарган.