Жамалбек Ырсалиев Биринчи Май районуна аким болуп дайындалды

Бишкектин Биринчи Май районунун акими Максат Нусувалиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Дагы бир буйрук менен Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Жамалбек Ырсалиев Биринчи Май районуна аким болуп дайындалды. Тиешелүү буйруктарга борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.