Жанар Акаев: «Бакиев кылмышкер. Аянт канга боёлуп, боо болуп өлүктөр жаткан»

Апрель окуясында бийликтен куулган Курманбек Бакиев Дубайда болуп өткөн жолугушуу боюнча маек берди. Анда «2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте курман болгондордун өлүмүнө менин күнөөм такыр жок» дегени талкууга түштү. Эл учурда «анда ким күнөөлүү?» деп суроо салып турат. Депутаттар бул тууралуу кандай ойдо?

«Бакиев канкор, кылмышкер. Соттун чечими чыккан. Менин пикирим эмес. 20 жылдан ашык түрмөгө кесилген. Ошол кебетесинде дагы «менин күнөөм жок» деп жатканы туура эмес. Бакиевдин учурунда иниси Жаныш Бакиев күч структурасын башкарган. Павлюк деген журналистти көп кабаттуу үйдөн ыргыткан. Баласы өзүнчө офис ачып алып, министрдин баары ошол жерде кезекте турган. Анан кантип анын күнөөсү жок? Аянт канга боёлуп, боо-боо болуп өлүк жаткан. Мен акмын дегени туура эмес», — деди ал.